www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу тапта ден-соолукка шыпаалыгы менен даӊкы чыккан Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда жайгашкан Туздуу-Көл бизге эле эмес, чет өлкөгө чейин белгилүү. Ошого карабастан, ал таптакыр каралбай калды, жарандар үчүн жакшы шарт түзүлгөн эмес. Өкмөт ага көӊүл буруп, эс алуучуларга ыӊгайлуу шарт түзүү чараларын колго алуусу зарыл. Бул тууралуу депутат Абдыбек Дюшалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
«Өкмөт Туздуу-Көлдү, анын Кара-Көл деген да аты бар, тээ илгери эле «Гүлстан» деген чарбага берип койгон экен. Ал чарба ушул кезге чейин эс алуучулардан акы алуудан башка эч нерсе жасаган жок, алтургай, туалети да жок. Ал жерде бир дагы инфратүзүм курулган эмес. Өкмөт жок дегенде ага баруучу 13 чакырым жолду куруп берсе жакшы болмок», - деп кошумчалады эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg