www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новопавловка айыл аймагына караштуу Дача Сунун тургундары айыл статусу боюнча маселени чечип берүүнү суранышууда. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру») Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында билдирди.

«Ал жерде 15 миңдей адам жашайт. 10 дача, 1 айыл бар дейт. Дача деп айыл статусун бербегендиктен, шайлоого катыша алышпайт. Электр жарыгын кымбат, лимит менен сатып алышат. Лимиттен өтүп кетсе, анда коммерциялык түзүмдөрн баасы менен төлөшөт экен.

Электр мамычалары, чубалгылар аябай эскирип, жаңылаганга каражат керек дейт. Айыл статусу жок болгондуктан суу алынып келбейт. Иче турган суу тартыш болуп жатканын айтышты», - деп билдирди депутат. Кадырбеков аларга айыл статусун берүү кыйын экенин, анткени ал аэропорттун тегерегиндеги аябай кооптуу аймак экенин айтты.

«Бул маселени чечиш керек. Аларга айыл статусун бериш керек же башка коопсуз жакка көчүрүү керек», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости