www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБдин жетекчисинин маалымат жыйынынан кийин Айзаданын окуясы мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качуу беренеси менен туура эмес квалификацияланганы түшүнүктүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

«Менин оюмча бул кылмыш атайын жасалган. Анткени шектүүнүн жанында бычак болгон. Ал Айзаданы үйүнө алып барбай, талаага алып барган. Мен муну мажбурлап никеге тургузуу деп эсептебейм, ошондуктан мен беренени кайра квалификациялоону суранам.

Эгерде биздин мырзалар аялдарга карата зомбулукка, ала качууга жол берсе, анда аял кишини министр кылалы. Бул башаламандыктын чеги. Биз баарын салт-санаа менен актайбыз. Биз зордукчуну, адам өлтүргүчтү, судьяларды актайбыз. Качанкыга чейин эркектерди актай беребиз? Аялдар адам эмеспи?», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости