www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстандын кооздугуна, байлыктарына кызыккан өлкөлөр көп”, -  деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Биздин ата-бабалар кандай гана соонун мурастарды калтырып кеткен. Андыктан биз дагы кийинки муунга жакшы сактап өткөрүп беришибиз керек. Мен азыркы бийлик өкүлдөрүнө жана айрым ката кетирип жаткан саясатчыларга айтаарым. Азыртадан ойлонолу. Баш мыйзам кабыл алынса ошол мыйзамды сыйлап мамлекеттин бүтүндүгүн сактап, элдин ынтымагын ыдыратпайлы. Ошону менен катар аксакал саясатчылар же мурдагы кызматтагы адамдарга кайрылам. Биздин ата-балалар тоолордо, кокту-колотторго көчүп конуп, биздин жерде жакшы сактап келишкен. Ошолорду эске алуу менен биз дагы коргойлу. Канчалаган мекендештерибиз чет жака кетип жатат. Аларга дагы өз мекенинде жакшы жашоого шарт түзүп берели. Кыргызстанда өнүгүүгө мүмкүнчүлүк абдан көп. Тооолук, сууга бай өлкө катары чет мамлекеттерди кызыктырып келет. Кыргызстандын кооздугуна, байлыктарына кызыккан өлкөлөр көп. Андыктан ушул байлыктарыбызды туура пайдаланып, иштетип гүлдөгөн өлкөгө кошолу”, - дейт профессор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости