www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатынан ажыратылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү депутаттыктан кетүү боюнча өзү арыз жазып, аны БШК мүчөлөрү колдоп берген.

Осмонов №7 Ош округунан шайланган. Эми аталган аймакта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Буга чейин парламенттин маалымат кызматы Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин кабарлаган. Жогорку Кеңештеги маалымат булактар аталган депутаттар Райым Матраимовго байланышкан иштен улам чет өлкөгө чыгып кетишкенин айтышкан эле.

Андан мурун бажычы Матраимов менен байланышы бар делген үч депутат: Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана бир тууган агасы Искендер Матраимов мандатынан ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости