www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Тик Токтун бөгөт коюусуна каршы чыкты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп ТикТокко АКШда тыюу салууга жол ачкан мыйзам долбоорун сынга алды. Бул тууралуу ал CNBC телеканалына берген маегинде билдирди.

Трамп Facebook платформасын “эл душманы” катары сыпаттады жана TikTok’ка тыюу салган мыйзам Метага кеңири артыкчылыктарды берерин айтты.

"Эгер TikTok жок болсо, Фейсбуктун дүйнө жүзү боюнча популярдуу болушу абдан оңой. Мен Фейсбукту эл душманы деп эсептейм. ТикТокту жакшы көргөндөр көп. Бул тиркемесиз жинди болуп кете турган жаш балдар да бар. " дейт АКШнын мурдагы президенти.

Белгилей кетсек, кытайлык ByteDance интернет гигантына таандык TikTok акыркы бир нече жылда кыска видеолорду жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү менен эл аралык сенсацияга айланды.

Америкалык эксперттердин айтымында, бул тиркеме керек болсо өз колдонуучуларынын жеке маалыматтарын өкмөткө бере алат. Кытайдын 2017-жылы кабыл алынган Улуттук чалгындоо мыйзамы уюмдардан жана жарандардан мамлекеттик чалгындоо кызматын колдоого, жардам берүүгө жана кызматташууга милдеттүү. 2020-жылы Трамптын администрациясы ушул кооптонуулардан улам ТикТокту АКШнын колдонмо рыногунан алып салууга аракет кылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы ТикТокко тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Долбоор күчүнө кирсе, компанияга социалдык тармакты сатууга 5 ай убакыт берилет.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШнын президенти Жо Байден эгер ТикТокко тыюу салган документ Конгрессте жактырылса, бул мыйзамга кол кое турганын айткан.

Последние новости