www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу орозо учурундагы ооз ачаар маалында жарык өчүп жатканын сындап, электрди чектөөнүн графигин өзгөртүү керек экенин айтты.

Парламенттеги сессияга катышып жаткан “Улуттук электр тармактары” ишканасынын директору Алтынбек Рысбеков кечке маал керектөөнүн көп болуп кеткенине байланыштуу өчүрүүлөр болуп жатканын түшүндүрдү.

“Так саатын айта албайбыз. Колдонуу аябай көп болгон маалда биздин жабыдыктарга күч келип ушундай жагдайга барып жатабыз. Саат менен жөндөй албайбыз”, - деди.

Токтогул ГЭСинин жана Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегаттарында реконструкциялоо иши башталгандыктан, 5-марттан тартып өлкөдө электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азайып жатканы маалымдалган.

Улуттук электр станциялары ачык акционердик коому 5-марттан тарта электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн графигин жарыялаган. Энергетика министрлиги 8-мартта электр жарыгына чектөөлөр токтотулганын кабарлаган.

Ушул күндөрү социалдык тармактарда маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жөнүндө жазып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости