www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровко жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге

Кайрылуу

«Карапайым адамдын үмүтү өчкөн кезде, анын үнү жетип, мыйзамдуу укуктары корголушу үчүн массалык маалымат каражаттарына кайрылат. Ар дайым жарандарга жардам берүү максатында жүрүп, мен ар кандай тоскоолдуктарга кабылгам, бирок мындай мамлекеттик уюмдар тарабынан жасалган ээн ооздуктар менен агрессияга биринчи ирет дуушар болуп жатканымды айта кетишим керек, булар башка карапайым калыкты  мүлжүп жейт окшойт.

Башынан баштайын, 2003-жылы кыргыздын карапайым аялзаты Кара-Суу районунан өзүнө үлүш жер сатып алат, андан бери жерге болгон баа өсүп жатканы белгилүү, ушул сатып алган үлүш жерин  ИЖС тарабынан трансформациялап, ал жерге курулуш иштерин баштайт. Арийне, бул жерде да таасирлүү адамдар пайда болушуп бул жерди карапайым жарандар менен айыл өкмөтүн салышып кайтарып алууну көздөйт. Мамлекеттик регистр  жашап жаткан адамдардын жашыл китептерин, документтерин чогултуп алып, жок кылып жиберет. Бул жерге мыйзамсыз салынып калганын шылтоолоп Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бул жерде курулган үйлөрдү караңгыга жамынып  сүздүрүп салышат.

Жер өтө баалуу ресурс, кылымдардан бери жер үчүн бири-бирин өлтүрүп, бири-бирин сатып келишкен, бирок биз цивилизациялуу мамлекетте жашап жатабыз... биз орто кылымдарда жашаган жокпуз...Ал эми Кара-Суу районунда, мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекеттир, ошондуктан өз мыйзамдары менен жашап жаткандыр... жер маселелери боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп жатып, мага кол салып жиберген мамлекеттик регистрдин штаттан тышкары кызматкери болду. Мамлекеттик регистрдин начальнигин орунбасары бул өз кызматкери экенин танды. Муну ал жерде иштерин бүтүн Кара-Суу району билет, ал эмес Ош облусу, анын аты Улук болгону менен Амир Палван дешет. Ал каалаган мамлекеттик ишканаларга кирип, кимди болсо да токмоктоп койсо өз эрки, муну кадыресе иш көрөт. Анткени, аны төбөдө Айбек Осмонов деген депутат башкарып турат. А балким бул депутаттын да ушул жер үлүштөрүнө тиешеси бардыр? Мындай зөөкүрлөрдү пайдаланыш, аларга каалаган мамлекеттик ишканаларга жол ачып бериш бардыгынын эле колунан келе бербейт. Эмне үчүн ал жер бардакка айланып, бул жерде маалыматтарды тескери буруп каалаган иштерин жасап жатышат, ал эмес кимдир бирөөлөрдүн мурдун каңтара койгондон кайра тартышпайт.

Бул окуя дүйшөмбүдө болгон, мен судмедэкспертизага кайрылдым, бирок бул иш эч кимди кызыктырып койгон жок , ал эми Амир Палван атын жамынган Улукту ал эмес кармап койгон киши болгон жок. Жогоруда айтып кеткендей Кара-Суу районунда, мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекеттир, ошондуктан өз мыйзамдары менен жашап жаткандыр...»

Бакыт Кулчуманов

Которуп, даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости