www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-июндан 5-июнга чейин кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркечтам" постторунда жүк өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Мындай кадам Кытай тараптын демилгеси менен болууда.
"Кытайда Дуань-у (Ажыдаар фестивалы — ред.) майрамына карата 2022-жылдын 3-5-июнь күндөрү "Торугарт – автожол" жана "Эркечтам – автожол" көзөмөл өткөрмө бекеттери жүк алып өтүүчүлөр үчүн убактылуу жабылат. Транспорт каражаттарын өткөрүү 6-июндан тарта жанданат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.
Булак: NazarNews.kg