www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) кезектеги жазгы жыйынынын алкагында Ассамблеянын жалпы жыйынына, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин отурумуна катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Алтынбек Кудайбердиев ЕКПАнын президентинин орун басары Рубен Рубинян менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоого 788 эл аралык байкоочу, анын ичинде ЕКПАнын делегациясы да катышкандыгы тууралуу маалымат берилди. Андан тышкары, Парламенттер аралык бирликтин жаңы баяндамасына ылайык, өткөн жылы Кыргыз Республикасында айым депутаттардын саны 12,9 пайыздык пунктка көбөйгөндүгү жана ал дүйнөлүк рекорддук көрсөткүч экендиги тууралуу өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле, Алтынбек Кудайбердиев Түркия Республикасынын ЕКПАдагы делегациясынын мүчөлөрү менен эки тараптуу парламенттер аралык мамилелер боюнча пикир алмашты. Депутат аларды быйыл Кыргызстанда өтө турган VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Последние новости