www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эмманюэль Макрон 2027-жылы ыйгарым укуктары аяктагандан кийин саясат менен мындан ары алектенбей турганын билдирди. Бул тууралуу Le Figaro гезити жазды.
Макрон он жыл президенттик кызматта иштегенден кийин, 2027-жылы Елисей сарайынан кеткен соң саясатка кайтып келбесин убада кылды.
«Мен буга чейин саясат менен алектенген эмесмин жана мындан ары да алектенбейм», - деди ал Франция–Кипр мектебинде окуучулар менен болгон жолугушууда. Ал Кипрдин борбору Никосияга Европа Биримдигинин лидерлеринин бейрасмий саммитине катышуу үчүн расмий сапар менен барган.
Францияда президенттик шайлоо 2027-жылдын апрель айында өтөт.