www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Акыйкатчы институтунун таасири деле жок

Акыйкатчы институтун укук коргоо органдары укпайт. Бул тууралуу депутат Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыйкатчы институту таасирдүү болуу үчүн статусту өзгөртүш керек. Себеби азыр сиздин кылган иштериңиздин барын көрүп турабыз. Эч кандай жыйынтык деле жок негизи. Сиздер укук коргоо органдары менен элдин  ортосунда көпүрө болушуңар керек. Бирок сиздерди чынын айтканда, укук коргоо органдары уккан деле жок. Сиз жөн гана элдин үнүн, арыз-дооматын алып барып таштап койосуз. Ал кат алардын алдында жатат, сизге жооп берсе берет, бербесе жок. Ошондуктан ушул статусуңарды өзгөртүп койсоңуздар кичине таасирдүүрөк орган болосуздар. Сиздер бул жерде жөн гана ортомчулук гана ишти аткарып жатасыздар", - деп депутат Акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости