www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайкы каникул башталганына байланыштуу балдардын эс алуусуна, алардын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү талабы бүгүн, 8-июнда, парламентте айтылды.

"Балдардын жайкы эс алуу маалында ушундай кырсыктар кайталанбашы үчүн бардык эс алуу жайларын тегиз көзөмөлгө алып, менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлдү күчөтүш керек. Мындай кырсык болбойт деп эч ким кепил боло албайт", - деди депутат Нурланбек Шакиев.

Бул ортодо депутат Камила Талиева окуучунун өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу мектептин жетекчилиги жоопкерчиликтен качып жатканын айтты жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, 6-июнда Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, "Тез жардам" кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости