www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик вице-министри Таро Хонда менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан үчүн Япония жакын жана достук мамиледеги өнөктөш мамлекет. Ал республиканын эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоону жана өнүктүрүүнү жактай тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Япониянын тышкы иштер боюнча Парламенттик аице-министри Таро Хонда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана аны тереңдетүүгө карай даярдыгын билдирди.

Тараптар эл аралык саясаттын жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости