www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.
ЖК депутаты Акылбек Жамангулов, 10-майда ЖЭБдин директору алып келип көрсөткөн аттиш 320 АКШ доллары эмес, болгону 2 500 сом экенин ачыкка чыгарды, бүгүнкү жыйында.
«Биз, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү иликтөө жүрүшүндө катары көп кызыктай нерселерге күбө болдук. Насыя натыйжасыз пайдаланылып, көп каражат текке кеткени көрүнүп турат. Энергетиктер каражаттын тартыштыгын айтып, электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселесин такай көтөрүп келет. Маянасынын аздыгына карабастан, өздөрү килейген үйлөрдө жашайт, кымбат автомашиналарды минет, алардын тууган-туушкандары да жакшы жашайт. Ал байлыктар каяктан? А, эмне үчүн алардын карызын карапайым калк төлөшү керек?», - деди Акылбек Жамангулов.
Ага кошумча ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүнкү кычкачттарды тийштүү органдардын көзөмөлүнө тапшырууну суранды.
Булак: NazarNews.kg