www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Алимбеков пахтанын аянтын кеңейтүүнү сунуштады

Депутат Нурбек Алимбеков жүгөрүнүн, беденин жаңы сортторун, пахтанын аянтын көбөйтүү боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттин жыйынында билдирди.

"Өзбекстан быйыл пахтанын сырьесун чыгарууга тыюу салды. Ошондон улам быйыл пахтанын баасы жогору болду. Ошондуктан, Айыл-чарба министрлиги, мониторинг жүргүзүп, жаз мезгилине жакын дыйкандарга эмне эгүү керек экендиги боюнча багыт беришиңиздер зарыл.

Эгер мен айткан маалыматты дагы бир тактап, пахта аянтын көбөйтсөңүздөр дыйкандарыбызга жакшы багыт берген болосуздар", - деди Нурбек Алимбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости