www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Масалиевден босого чегин 5 пайызга төмөндөтүү кандай максатта сунушталып жатканын сурады. "Парламенттик шайлоо 2010-жылы 5 пайыздык босого чеги менен, 2015-жылы 7 пайыздык босого чеги менен өткөн. Кийин өзүбүз 2016-жылы 9 пайыздык босого чегин колдоп бергенбиз. 5 пайызды кайсы максат менен сунуштап жатасыз?", - деп сурады Алтыбаева.

Исхак Масалиев ар бир депутаттын өзүнүн пикири боло турганын белгилеп: "Азыркы учурда мамлекет өзүнүн жолун издеп жатат. Жеке менин оюма койгондо, 3 пайыздык босого чегин сунуштайт элем. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери талкуулап, 5 пайыздык босого чеги болсун деп токтолдук", - деп жооп берди Масалиев.

Алтыбаева босого чектин пайызы төмөн болсо, шайлоого даяр эмес, майда партиялар аттана турганын айтып: "Элибиздин добушу майдаланып кетет. Азыр 5 пайыздык босого чеги менен 30дай партия аттанат. 5 пайыз парламенттик демократиянын, партиянын өнүгүшүнө жол бербейт", - деген пикирин билдирди.

Масалиев: "Сиз же мен шайлоочуларга тоскоолдук кыла албайбыз. Майда партия деп ким баа берет? Максатыбыз партияларды ири партияга айлантуу болуп саналат. Биз шайлоочуларга чектөө кылбашыбыз керек. Майда партия деп айтууга болбойт", - деди Масалиев.
Булак: NazarNews.org

Последние новости