www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 16- май күнү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустун аймагындагы бир катар баатыр энелерди куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын тургуну баатыр эне Исакова Саадат 70 жашта, 10 баланын энеси, баатыр эне. 

Саадат апага Өкмөттүн өкүлү Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо кат, баалуу белек тапшырды, жакшы каалоолорун жеткирди.

Исакова Саадат белгилүү манасчы Рыспай Исаковду төрөп, баккан эне. Саадат апа уулунун эл наркын, " Манасты" өнүктүрүү үчүн кылган эмгегине сыймыктанаарын белгиледи.

Мындан сырткары Президенттин жарлыгы менен Ош облусунун аймагында жалпысы 6 баланы татыктуу тарбиялаган үчүн 88 энеге " Эне даңкы", 315 энеге " Баатыр эне" төш белгилери келди. Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан карантиндик кырдаалга байланыштуу белектер, куттуктоо каттары менен биргеликте үйлөрүнө жеткирилип   берилет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости