www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу аскер кызматкерлери үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу үй алууда өзгөчө шарттарды карап чыгууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, аскер кызматкерлери кызматтык милдетине байланыштуу ротация тартибинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында иштөөгө аргасыз болушат. Ушундан улам алар бир аймактан экинчисине көчкөн учурда кошумча чыгымдарга туш болушат.

Депутат белгилегендей, учурдагы тартипке ылайык, аскер кызматкерлери мамлекет тарабынан берилген компенсацияны алышат, бирок башка аймакка которулган учурда ал жакта ижара акы төлөөгө мажбур болушат. Ошол эле учурда МИКтин ички эрежелери ипотекага алынган турак жайды ижарага берүүгө жол бербейт.

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, аскер кызматчыларына компенсация төлөө каралган. Анын негизинде алар жардам алууда. Бирок ротация менен башка аймакка баргандан кийин ал жакта ижара акысын төлөөгө аргасыз болот. МИКтин ички жоболоруна ылайык алар өзү ипотекага алган үйдү ижарага бере алышпайт. Мындан улам МИК тез арада ички жоболорун өзгөртүп, аскер кызматкерлеринин ижара бере ала турган шартты камсыздап берсин", — деди депутат.

Сунуш учурда коомдук жана мамлекеттик деңгээлде талкууга алынышы күтүлүүдө.

Последние новости