www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Корея Украинага каршы Орусия тарапта согушуп жүрүп туткунга түшкөн Түндүк Кореянын эки жоокерин өлкөгө алып келүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги жогорку кызматтагы өкүлгө шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январында Курск облусунда туткунга алынган эки аскер Түштүк Кореядан башпаана сураган. Сеул менен Киев бул маселе боюнча негизги макулдашууларга жетишкени айтылууда.
Түштүк Кореянын ТИМи аталган жоокерлерди кабыл алууга даяр экенин билдирип, алардын эркине каршы Орусияга же Түндүк Кореяга кайтарылышына каршы экенин белгиледи.
Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга жөнөтүлгөнү 2024-жылы белгилүү болуп, Москва бул маалыматты 2025-жылы ырастаган.