www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына мыйзамсыз кирип-чыгуусун уюштурган туруктуу кылмыштуу схеманын ишине бөгөт койду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстан аркылуу транзиттик мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик чек араны көзөмөл-өткөрүү пункттарынан тышкары мыйзамсыз кесип өтүп, андан кийин өлкө аймагын колдонуу менен үчүнчү мамлекеттерге өтүү схемасы иштеп келгендиги белгилүү болду.

Тактап айтканда, «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылган учурда Д.М. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган.

Ал мурда Чүй облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталган.

Ошондой эле, үчүнчү мамлекеттин аймагында жүрүп, аталган кылмыштуу топтун ишин координациялап турган чет өлкөлүк жаран да аныкталды.

Мындан сырткары, мыйзамсыз миграция каналын уюштурууга катыштыгы бар деп Ош шаарындагы «Эл аралык аэропорттун» авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын жараны Н.у.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз миграция каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.

Последние новости