www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэриянын аймактан келген жана шаардык пенсионер деп бөлгөнү туура эмес. Бул тууралуу депутат Эмиль Жамгырчиев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкеке газ менен жүрүүчү 120 автобус келгени албетте жакшы жаңылык болду. Бирок эл арасында ал автобустардын маршруттарын кандай болот деген суроо туулуп жатат. Мэрия элге ушул тууралуу алдын-ала маалымат берип койсун. Ошондой эле, учурда маршруттук таксилерде иштеген айдоочулар жөнүндө да кам көрүп коюшса, алар жумушсуз калып калбасын". - деди депутат
Ал ошондой эле, жакында Бишкек шаардык кеңеште кабыл алынган жаңы токтом тууралуу пикирин билдирди.
"Анда улгайып калган, пенсия курагындагы жарандар автобустарда бекер жүрө алат деп көргөзүлгөн. Бирок Бишкек шаарынын гана тургундары гана деген пункт бар. Аймактардагы кары-картаңдарга бул токтом иштебейби? Кыргыздар эч качан ата-энесин калтырбайт, бул баарыбызга белгилүү. Сөзсүз алар шаарга алып келишет. Андыктан БШКнын депутаттарына жана мэрияга кайрылгым келет. Кабыл алынган токтомдун аталган пунктун карап коюшсун. Антип аймактан келген пенсионер жана борбор калаанын пенсионерлери деп бөлгөн туура эмес. Убагы келгенде баарыбыз картаябыз", - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg