www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайырбек Ташиев жай мезгилинде сууга түшкөндөр көбөйөрүн, буга байланыштуу коопсуздук эрежелерин күчөтүп, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтты. 

«Кырсык болуп калганда гана тергөөнү билесиздер, алдын алуу чараларын көрүш керек. Кээ бир ата-энелер балык кармаганы барганда, баласы сууга чөгүп кеткен окуялар да болду. Бассейндерде коопсуздукту көзөмөлдөй турган кызматкер ар дайым болушу керек. Бала чөгүп жатканда гана телефон чалып, коопсуздук кызматкерин чакырышат. Чет мамлекеттерде көргөн болсоңуздар бассейндерде ар дайым куткаруучулар бар» , — деди депутат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости