www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин кылмыш иштери боюнча Шайхантахур райондук сотунда кылмыш дүйнөсүнүн «Бахти Ташкентский» деген лакап аты менен белгилүү өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаевдин иши карала баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр ноябрдын аягында Ташкентте кармалган Бахтияр Кудратиллаев Кылмыш кодексинин «Денеге атайылап өлүмгө алып келе турган оор жаракат келтирүү», «Денеге атайылап жеңил зыян келтирүү», «Адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу», «Опузалоо», «Алдамчылык», «Документтердеги мөөрлөрдү, штамптарды жасалмалоо жана аларды сатуу», «Кылмыштуу топ түзүү», «Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерди адалдоо», «Мыйзамсыз маңзат даярдоо, сактоо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айыпталууда.

Былтыр ноябрда Ташкентте «көчө бандаларына» ыктымал тиешеси бар делген адамдар жапырт кармала баштаган. Бир нече күндөн кийин бул Ички иштер министрлиги менен Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын өлкөдөгү «криминогендик абалды жакшыртууга багытталган» биргелешкен операциясы экени кабарланган.

Операциянын алкагында Ташкентте жана өлкөнүн башка аймактарында кылмыштуу топторго байланышы бар деп шектелген 200дөн кем эмес киши кармалган. Алардын арасында Салим Абдувалиев жана Аббас Хажиев сыяктуу Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү өкүлдөрү да болгон.

Буга чейин Ташкент шаардык сотунун басма сөз кызматы Салим Абдувалиев 19-мартта Мирабад райондук сотунун чечими менен алты жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости