www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Баткенде бир үйдө 16 киши жашап жатат

Айыл чарба министрлиги он жылдан бери жаштарга жер бөлүп бербей жатат. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Ажибаев  бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өткөн жумада "Элдик" топтун депутаттары Баткенге барып, ал жердеги өрттөлгөн үйлөрдүн абалы менен тааныштык. Ал жакта жер маселеси курч бойдон калууда.

Ата-энелер үйүбүздүн аркасына балдарыбызга там салып бергенбиз деп айтып жатат. Тилекке каршы, өткөн жылдын сентябрь айында ал үйлөр өрттөлүп кеткен. Бүгүн мамлекет 100 чарчы метрге жакын үй салууда. Бирок, жергиликтүү тургундардын айтымында учурда бир үйдө 16 киши жашап жатат. Жаңы салынган үйгө баарыбыз кантип батабыз дешүүдө.

Бул маселенин бардыгы айыл чарба министрлиги жерди трансформация кылбаганынан болуп жатат", - деди депутат.

Эл өкүлү парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, аталган министрликти чакырып маалымат алуу сунушун берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости