www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Мамлекеттик бажы кызматы киреше планын аткара албай катуу уят болгонун айтты.

Бул кандай уят экенин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси мурунтан эле билет, деди депутат

«Канчалык актанып, буга жүйөлүү себептер бар деп айтпагыла, буга чейин бул планды өздөштүрүп кете алабыз дегенсиңер», - деди ал Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып.

Депутат Орусиядан келген кайсы товарлар бажыдан өтүүгө тийиш экенин сурады.

Буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Орусия ЕАЭБге мүчө болгондуктан, бул өлкөнүн товарлары бажылык жол-жоболордон өтпөй турганын айтты.

Анын айтымында, Орусия аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар өтүшү мүмкүн.

2022-жылга МБК (Мамлекеттик бажы кызматы) боюнча салыктык түшүүлөрдүн планы бекитилген бюджетке ылайык 98,5 млрд. Январь-сентябрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча 52,9 миллиард сом, январь-октябрь айларында 59,1 миллиард сом өндүрүлгөн.

2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282 миллиард сом деңгээлинде бекитилди. МБКтагы 24,5 миллиард сомдун жетишсиздиги республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин 8,7% түзөт.

Эми МБК 75 миллиард сом чогултууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости