www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад: Кыргызстан кайсы тилкелерди алат?

Кыргызстан чек араны тактоо учурунда Өзбекстандан 15 572 гектар жер алууга келишим түздү. Бул туурасында Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 472,83 чакырымды түзөт. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы 5-сентябрда такталган. Бул ирет 302,29 чакырым чек ара тилкесин делимитациялоо долбоору даярдалды. Ошону менен эки өлкөнүн чек арасы толугу менен такталат.

Мырзаев билдиргендей, Кыргызстан төмөнкү тилкелерди алып жатат:

Ала-Бука районундагы Гава-Сай тилкеси — 12 849 гектар. Кыргыз тарап кандай багыттагы жер экенин айткан жок, өзбек премьери Абдулла Арипов жайыт экенин билдирген;

Көк-Серек тилкеси — 105 гектар, кыргыз жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар;

Баястан — 212 гектар, жайыт жер;

Унгар-Тоо тилкеси — 35 гектар. Мамлекеттик телеканалдардын, уюлдук операторлордун радиорелейлик станциялары, антенналары жайгашкан;

Кара-Суу районунун Ак-Таш тилкеси — 100 гектар, сугат, айдоо аянттары;

Кара-Белес тилкеси — 25 гектар;

Өзгөн жана Сузак райондорунан 1000 гектар;

Кемпир-Абад суу сактагычын 908 горизонталдан 900гө түшүргөндө суу басып жаткан 1 246 гектар жер бошойт. Аны кыргыз тарап айыл чарба багытында пайдаланса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости