www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болочок аялыңды кантип тандаш керек?

(Кызыктуу икая)

Бир жолу эркектер чогулушуп, аксакал кишиден сурашыптыр:

-- Айтсаңыз, сиз кемпириңиз менен жарым кылымдан ашык жашадыңыз, бир дагы урушуп-кыйкырышып жатканыңарды көргөн да, уккан да жокпуз. Кантип?

-- Билесиңер да, жаштар кечинде чогулуп отурушканды жакшы көрүшөт. Караңгы киргенде балдар кыздарды колунан кармап үйлөрүнө узатышат. Бир жолу узаттың – эч нерсе эмес, экинчи жолу – демек, бир түрткү бар, үчүнчүсүн – “болочок күйөөсүмүн” деп эсептей бер. Мына мен дагы ушундай бир кечтерде кызды узатып жөнөдүм. Сүйлөшүп баратсак эле ал акырын менин колумду коё берип, четке оолактады. Көрсө, мен түз эле жолдогу чалчыкты кечкени баратыптырмын, бирок бурулбай кечип өтүп кеттим. Кийинки чалчыкты атайын эле бастым, ал дагы колун тартып айланып өттү.

Кийинки кечте башка кызды баягы эле жол менен узатып жөнөдүм. Ошол эле көрүнүш болду: мен кечип өттүм, ал айланып өттү. Андан кийинки кечте үчүнчү кызды узатканга жол арттым. Баягы жол, баягы чылчыктар. Түз эле чалчыкты көздөй басканымда, ал менин колумду катуу кармап, менин сөздөрүмдү кунт коюп уккан бойдон чогуу кечип өттү. “Көрбөй калды го” деп чечтим да, кийинки тереңирегине бастым. Дагы чогуу кечип өттүк. Мына ошондон бери чогуу, урушпай-талашпай жетелешип жашап келатабыз, - деп аксакал сөзүн бүтүрдү.

Эркектердин баары оозун ачып турушту, улуурактары болсо:

-- Муну эмнеге эртерээк айткан жоксуз? Биз да аялды сиз сыяктуу тандайт элек да. Балким биз дагы бактылуу болот белек... - дегендей түрдө калышты.

Булак: Азия News гезити

Похожие темы