www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары митингге чыгып, ушундай эле аталыштагы булак боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим тууралуу бийликтен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Алар видео кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашты.

«Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселеси 100 пайызга чечилгенин айтууда. Андай болсо, Чечме булагы боюнча маселе кандай чечилди? Булактын айланасы өзбек тарапка берилип жатат деп уктук. Андай болсо 1500 калкы бар айыл сууну кайдан алат? Бул жерде эл тынчсызданып жатат. Булак маселесин кантип чечкениңерди түшүндүрүп бергиле», - деди айыл тургундарынын бири.

Ал ошондой эле бийликтен чек ара тилкени тосууну суранды.

«Бардык архивдик документтер боюнча Чечме булагы бизге тиешелүү. Аны тоскула. Чек ара маселелери 100 пайыз чечилди дегенге ишенбей калдык», - деди ал.

Жергиликтүү тургундар мамлекет башчысына, президенттин облустагы өкүлүнө, райондун акимине кайрылып, маселеге көңүл буруп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишим боюнча түшүндүрмө берүүнү суранышты.

Айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылып, чек ара маселесин чечүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын унутпагыла деп кайрылышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде Кемпир-Абад суу сактагычынан тышкары дагы үч суу ресурсу көрсөтүлгөнүн билдирген. Ал тактап айтканда, чек ара тилкесиндеги төрт суу ресурсу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору: Орто-Токой суу сактагычы, Кемпир-Абад, Гавасай дарыясы жана Чечме булагы боюнча келишимге киргизилген.

Кыргызстан менен Өзбекстан Сох анклавына жакын Кадамжай районунда жайгашкан Чечме булагын биргелешип пайдаланууну макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости