www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбе эл аралык аэропортунун VIP-залынын башчысы жана Исмаили Сомони районунун акиминин уулу Зафаржон Сами шаардагы ресторандардын бириндеги мушташ учурунда жаракат алды.
"Озоди" радиосу өз булактарына таянып, Саминин башына үч жолу бычак сайылганын кабарлады. Тажикстан ИИМи бул факты боюнча иликтөө иштерин баштады.
Мушташ 11-ноябрь күнү кечинде болгон, бирок ал тууралуу кеңири маалымат эми гана чыга баштады. 24 жаштагы Зафаржон Сами жаш жигиттер тобу менен мушташып кеткен. "Зафаржондун башына үч жолу бычак сайылган, дарылануудан кийин ал жакшы болуп келе жатат", - деди укук коргоо органдарындагы өз булак.
Тажикстан ИИМи "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Булак: NazarNews.kg