www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16-ноябрда эл менен жолугушуусунда январь окуяларына токтолуп, дагы бир жолу "кутумчулар", "радикалдар" жөнүндө айтты.

"Алар тынч митингди биздин өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн колдонушкан. Бул жерде тынч демонстрациянын себептери менен мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга аракет жасаган кутумчулардын максаттарын так ажырата билүү керек", - деди Токаев.

Президент коомчулукка ажырым салууга аракет жасаган деструктивдүү күчтөр жөнүндөгү сөзүн кайра кайталап, башаламандыктын катышуучуларын баатыр катары көрсөтпөөгө үндөдү.

Эске салсак, 1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми бир жолу гана жети жылдык мөөнөткө шайланат. Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости