www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жылдыз Садырбаева дискриминация үчүн жоопкерчиликти мыйзамдаштырууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ал Кыргызстан БУУнун мүчөсү экенин эске салды. Ошондуктан мамлекет уюмдун сунуштарын аткарууга милдеттүү. 2014-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргыз Республикасында расасы, тили, майыптыгы жана этникалык теги сыяктуу негиздер боюнча басмырлоого тыюу салган дискриминацияга каршы мыйзам жок экенине тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле иш-аракетинде же билдирүүсүндө басмырлоочу белгилерди колдонгондорго карата дисциплинардык жаза чаралары каралган эмес.
Жылдыз Садырбаева дискриминацияга кабылган жарандардан арыз-даттануулар көбөйүп жатканын белгилейт. Бирок азыркы мыйзамдар так аныктаманы камтыбайт, ошондуктан укуктардын бузулушуна толук жана өз убагында чара көрүүгө жол бербейт.
Эл өкүлү дискриминациядан жабыр тарткан тарапка сотко арыз менен кайрылууга жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга уруксат берүүнү сунуштайт. Компенсациянын өлчөмү Жарандык кодекске ылайык соттун чечими менен аныкталат.
Булак: NazarNews.kg