www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Мындай пикирин бүгүн, 12-декбарда депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги абанын булганышы, ыш маселеси каралып жаткан парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал өкмөткө кайрылып, Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн шаардын тегерегинде жайгашкан конуштардагы үйлөргө газ киргизип, аларды кышында газ менен жылытууга өткөрүү керектигин айтты. Жарандар үйлөрүнө газ киргизүүсү үчүн өкмөт аларга насыя бериши зарыл.
Ошондой эле, Түлөбаев унаалардын күйүүчү май жана катализатор маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ыш көйгөйү Бишкекте эле эмес, Ош шаарында да бар.
«Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Жөнөкөй жарандан баштап министр, депутат президентке чейин акырындан өлүп жатабыз.
Тез арада газдаштыруу жана унаалардын күйүүчү май маселесин чечүү керек. Дароо, ыш көйгөйүнүн 60-70%ы чечилет. Мэриянын бул жаатта алы келбейт. Ага өкмөт жардам бериши керек», — деди ал.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 12-декабрында Бишкек алдыңкы үч шаардын катарына кирди.
Булак: NazarNews.kg