www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оозун ачса эле миллиарддар, триллиондор чууруп турчу Акылбек Жапаров экономиканы тарта албай калды. Учурда үч кварталдын жыйынтыгы менен быйылкы бюджеттин тартыштыгы 35 миллиардды чапчыды. Мындай ири өлчөмдө салык, бажыдан план толбой калуу, өздөрү айтмакчы 30 жылда болгон эмес. Бул көрсөткүч акыркы төртүнчү кварталды жыйынтыктоо менен тартыштык 45 миллиардга жетиши мүмкүн экени айтылууда.
Демек, экономикада жылыш, өсүш болбой, бийлик сырттан карыз алууну улантууда. Мындан улам, эл арасында Кумтөрдүн алтыны, киришеси кайда кетип жатат деген суроолор жаралууда. Инфлияция КМШ ичинде Кыргызстанда эң чоң көрсөткүчтү түздү. Баалардын өсүшү, кымбатчылык элдин шайын алууда.
Акылбек айткан миллиарддаган жел сандар, реалдуу экономикалык өсүштү камсыз кылбаганы айдан ачык көрүндү. Халва, халва дегенден оозуң татуу даамданбайт дегендей, Жапаров өзүн мыкты экономист, билимдүү көрсөтүүгө канчалык жандалбастабасын иш жүзүндө тилинен башка берекиси жоктугун далилдеди.
Элди ар түрдүү салык менен кыскандан бөлөк, инвестиция тартып, өндүрүштү өркүндөтүү, айыл чарбаснын көтөрүү багытында дээрлик иш жылган жок. Салык салып, элдин жонунан кайыш тилип, бюджет толтурам деген маймылдын дагы колунан келет. Акылбектин куру упчу эмизген шылуундугунун кесепетинен өлкө экономикасы сазга тыгылып, жалаң салыкка басым койгондун айынан, акыркы эки жылда тышка капиталын чыгарып кеткен ишкерлердин саны 10 миңден ашты.
Өлкөдөгү экономикалык абал оорлоп, Акылбектин куру сандарды койгулаштырган фокустарынан президент чарчады. Какаганга муштаган болуп, босогодо энергетикалык кризис, тешик казынага өтө чоң оорчулук алып келүүдө. Кыштан чыгуу үчүн Казакстандан бир киловат саат электр энергиясын 7 сомдон импорттоп келишип, Кыргызстан ири өлчөмдө чыгымга учурап жатат. Кыргызстандын тарыхында 7 сомдон тыштан электр энергиясын сатып алуу буга дейре болгон эмес.
Буга байланыштуу Акылбектин президенттин алдында экономикалык “чудо” кылам деген убадалары суу кечпей калды. Анын үстүнө Акылбек Жапаровго карата камактагы Тенгиз Бөлтүрүк Центерранын камактагы 260 миллион долларын арестен чыгарып берип коюшканы боюнча көрсөтмө бергени айтылып жатат. Эгер сценраий дал ушундай уланса, жакынкы аралыкта Жапаров иштен кетип, кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы толук ыктымал.
Бирок, суудан кургак чыкчу эргул Америкага чыгып кеткен соң, кылмыш иши козголот деген кептер бар. Бүгүнкү күндө Жапаров Кыргызстандагы мүлктөрүн, капиталын толук чыгарып кеткени айтылууда. Сыягы, качууга камаданып жаткандай...
Булак: NazarNews.kg