www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда жүк ташуучу унаасы күйүп кеткен жаранга жергиликтүү тургундар акча чогултушкан. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Унаанын айдоочусун четте карап тура албаган жарандар ошол жерден баштыкка акча чогултуп баштаган.

"Унаа табылат байке, эл-журт жардам берет", - деп айтты чогулгандардын бири.

Базардагылар 100, 200, 500 айрымдары 1000 сомго чейин беришкен.

Жүк ташуучу унаа эмне себептен өрттөнгөнү тактала элек.

Эске салсак, ушундай эле окуя октябрь айында Токмок шаарындагы мал базарында болгон. Анда улгайган адамдын 120 миң сомун уурдап кетишкен. 

Мал базардын сатуучулары жана сатып алуучулары баш болгон камкор атуулдар аз убакыттын ичинде аксакалга 115 миң сомдон ашык акча чогултуп беришкен.

Кийинчээрек кылмышкер кармалып, күнөөнү толугу менен моюнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости