www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду команданын Катардагы Дүйнө чемпиондугунан кетиши тууралуу биринчи жолу билдирүү жасады. Беттештен кийин Роналду көзүнө жаш алып, талааны таштап кеткен.

Кечээ, 11-декабрда Роналду социалдык тармактагы баракчасына бул жеңилүү Португалиянын курамында дүйнө чемпиону болуу кыялына чекит койгонун жазды.

"Португалия курама командасы менен Дүйнө чемпиондугун жеңүү менин спорт карьерамдагы эң чоң кыялым болчу. Мен көптөгөн наамдарды жеңдим, анын ичинде Португалия курама командасы менен дагы. Бирок аны эң жогорку деңгээлге чыгаруу менин эң чоң кыялым болчу. Мен бул үчүн күрөшкөм. 16 жыл ичинде беш дүйнөлүк чемпионатта мен миллиондогон португалиялыктардын колдоосу астында мыкты футболчулар менен ойнодум. Мен бардык күчүмдү жумшадым. Мен кыялымдан эч качан баш тарткан эмесмин.

Тилекке каршы, кечээ мен кыялымдан айрылдым. Мен шашылыш жооп бергим келбейт. Көп сөздөр айтылып, жазылды. Бирок Португалияга болгон берилгендигим бир мүнөткө да үзгүлтүккө учурабаганын бардыгы билишет. Эми азыр айта турган эч нерсем жок, Португалия рахмат, Катарга рахмат, кыялым эң сонун болду, бирок ал узакка созулган жок. Эми жакшы кеңешчи болууга жана ар кимге өз алдынча жыйынтык чыгарууга убакыт келди”, -  деди Роналду билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Португалиялыктар Марокко курамасына 1:0 эсебинде утулуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости