www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын турциядагы элчиси Руслан Казакбаев 6-күнү 10-декбарда уулун үйлөнтүп “Ала-Тоо” ресторанында чоң той берди. Тойго президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден башка болгон чиновниктер барышты. Бакиевчи, Атамбаевчи, Жээнбековчу, Жапаровчу болушуп, башкача айтканда ак көз, кара көз дебей текши чогулуп катуу күүлдөштү.

Канткен менен Руслан мырза мыкты дипломат эмеспи, эч кимди бөлбөй баарынын башын кошуптур. 

Тойдун шарапатына ылайык, уулуна “Ата-Журт” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду өкүл ата шайлады. Биринчи баласынын өкүл атасы Өмүрбек Бабанов болчу. 

Айтмакчы, тойдогу кызыктуу жагдай  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге президент барбаган соң, мамлекеттеги экинчи адам катары сөз берилсе, “мен Ахматбек Келдибековдун алдында биринчи сөз сүйлөбөйм” деп койду. Бул көрүнүшкө ар ким ар кандай сын айтып, кошоматчы адам, өз даражасын, өз ордун, сыйын билбейт тура деп баш чайкашыптыр, ошол жердеги аттуу-баштуулар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости