www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев бөйрөк алмаштыруу операцияларына узак мөөнөттүү насыя бөлүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу депутат брифингде билдирди.
Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жыл сайын 1922 адамдын гемодиализ процедураларына 1 миллиард 421 миллион 280 миң сом бөлүнөт.
«Андан 2016-жылы доллардын курсу башка болуп турганда жеке уюмдар мындай кызматты бир процедура үчүн 4700 сомдон көрсөтө турганы аныкталган. Бирок аларды 6800 сомдон камсыздаган немис компаниясы бар. Көптөгөн бөйрөк оорусунан жабыркагандар мага кайрылып, бөлүнгөн акчаны 4700 сомдон 6800 сомго көтөрүүнү суранышты. Тилекке каршы, ММК фондунан быйыл бул үчүн каражат каралган эмес. Бирок кандай болгон күндө да биз министрлер кабинетине акчаны табууну тапшырганбыз», - деди ал.
Ошол эле учурда Дастан Бекешев бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.
«Биз бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандарга гемодиализден баш тарта албайбыз, бирок ошол эле учурда бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын санынын өсүү темпи тууралуу ачык айтышыбыз керек. Ал туруктуу өсүүдө. Мындай адамдардын көбөйүшү бюджетке чоң жүк. Ошондуктан чечүү жолдорун издөө керек эле. Кошумча каражат бөлүү абдан кыйын», - деди ал.
Эл өкүлү мындай абалдан чыгуунун бир жолу социалдык жана медициналык насыялоо деп эсептейт.
«Биз бул боюнча бизнес жүргүзүү эч кандай мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз, бирок ошол эле учурда мамлекеттин муну толугу менен бекер жасоого мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан узак мөөнөттүү насыяга 10 жылга улуттук валютада сумманы берүү сунушталды. Бир операциянын баасы болжол менен 20 миң долларды түзөт. Быйыл бөйрөк оорусунан жапа чеккен 300 адамга операция жасоо үчүн бюджеттен 500 млн сом бөлүү сунушталды», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg