www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы күндө соттордун адилетсиздиги өтө көп болуп жатканын айткан “Элет көйгөйү” коомдук фондунун жетекчиси Марипа Алыйкулова, NazarNews маалыматтык агентиги аркылуу сотторго төмөндөгүчө кайрылуу жасады:
“Мен жалпы сотторго кайрылып кетмекчимин. Урматтуу соттор силер эң биринчи Конститутциянын беренелерин аткарышыңар керек! Ар бир жарандардын бардык максаттарына жетүү үчүн силер адилеттүүлүктү, ченемдүү укуктарды ордуна коё турган орган силерсиңер. Бирок биз акыйкатсыздыкты көрүп жатабыз”. – деди.
Кыргыз Республикасынын акыркы жаңыланган Конституциясында бир гана жерде гана жөнөкөй жарандардардын укугун коргоо тууралуу жазылганын айткан Алыйкулова: “Бул берене боюнча соттордун укугун өтө жогору кылып койгон”, - деп айтты.
Мындан тышкары, “Урматтуу Садыр Нургожоевич сиз дагы соттордун адилетсиз чечимдерине кабылгансыз. Башынан өткөргөн башчы катары көңүл бөлүп коюңузду суранабыз!”, - деп кайрылды “Элет көйгөйү” коомдук фондунун жетекчиси Марипа Алыйкулова.
Булак: NazarNews.kg