www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн депутат Мирлан Бакиров биометрикалык паспорт алган адамдар жашаган жеринде катталбаса, шайлоочулардын тизмесине киргизилбешин айтып: “Биометрикалык паспорту бар жарандар өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калып, ар кандай талаш-тартыштар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, - деди.

Депутат Дастан Бекешев менен Жанар Акаев шайлоого 6 ай калганда каттоого турган адамдарды шайлоочулардын тиземесине киргизбөө сунушун киргизишип, үйүнө өздөрүнө тиешеси жок адамдарды каттап алган жарандарга карата да тийиштүү чараларды көрүү зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми депутат Канатбек Исаев каттоодо турбаган адамдарды шайлоо тизмесине киргизүү учуру 2016-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо да орун алып, анын натыйжасында азыр дагы кайталанып жатканын айтты.

 “Токмок шаарында  силердин администраторлоруңар  түндө системага кирип, өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Биз  ошондо БШКга билдиргенбиз, силер мыйзамсыз шайлоочуларга каршы чечкиндүү чараларды көргөн жоксуңар. Эгер ошондо тийиштүү чаралар көрүлсө, мындай жосундар азыр кайталанмак эмес», - деди ал.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова системага кирүүгө Мамкаттоонун укугу бар экендигин айтканы менен Канат Исаевди бул жооп канааттандырбай: “Жергиликтүү шайлоону жарытпаган, парламенттик шайлоону кыйратат белеңер”,-деп өз нааразычылыгын жашырган жок.

Депутат Кыдыралиев Умбеталы: “Бул шайлоодо 6 кошумча  шайлоо участкасы бар дейли, бирок биздин чет өлкөдө 850 миң жарандар бар. Ал участоктор физикалык да, техникалык жактан да жетишпейт. Мынча кишини кантип тейлейбиз?”,-деп суроо салды. БШК төрайымы кошумча участок берүү маселеси дагы чечилиши керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости