www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөгү абактарда 1,5 миңден ашык Кыргызстандын жараны отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Бактыяр Калпаев билдирди.

Ал белгилегендей, анын миңден ашыгы Россиянын абактарында жазасын өтөөдө.

“Бүгүнкү күндө экстрадиция маселеси абдан орчундуу болуп турат. Жашоонун ар кандай кырдаалдарына жараша тагдырдын буйругу менен биздин мекендештерибиз башка жактарда түрмөлөрдө отурушат. Ошолорду Кыргызстанга которуу боюнча иштерди алып барсак. Анткени, ушул эле Россиядагы абактардагы жарандарыбыз ар кандай коркунучтарга туш келип калуу кырдаалында турушат.

Бир жарым миң деген бул жөн гана сан эмес. Ошондуктан, ушул боюнча иштерди алып барсак. Булардын ар биринин артында ата-энелери, жакындары жана туугандары күтүп жатышат. Кээ бирлери 5-10 жылдап экстрадицияны, Кыргызстанга которулуп, жазасын өтөөнү күтүшүүдө. Өзүнүн жарандарын коргоого алуу мамлекеттин түздөн-түз милдети деп эсептейм”,- дейт Калпаев.

Последние новости