www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылы Ысык-Көл жана Соң-Көлгө 17,6 миллион майда балык коё берилет. Бул тууралуу социалдык тармактарда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Ысык-Көлгө салынган торлор тазаланып жатканын көрүп жатсаңыздар керек. Бул демилге президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин жеке көзөмөлүндө турат. Бул аралыкта тонналаган торлор чыгарылды. Көлгө тор ыргытып, ток салып балык кармагандарга катаал чаралар көрүлүп жатат», — деди ал.
Анын айтымында, мындай аракеттин жыйынтыгы бат эле сезиле баштады. Ысык-Көлдүн жээгинде тобу менен жүргөн майда балыктарды видеого тартып чыгарып жатышат.
«Президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого мораторий киргизилген. Бул чечимдин натыйжасында көлдөрдүн экосистемасын калыбына келтирүү иштери активдүү жүргүзүлүп, төмөнкүдөй көлөмдө балык чабактары кое берилди:
2024-жыл:
Ысык-Көлгө — 21,5 млн;
Соң-Көлгө — 5,7 млн.
2025-жыл:
Ысык-Көлгө — 13,6 млн;
Соң-Көлгө — 5,6 млн
2026-жылга план:
Ысык-Көлгө — 14,1 млн;
Соң-Көлгө — 3,5 млн балык чабагы кое берилет.
Бул чаралар көлдөрдүн биоресурстарын сактоого, балык корун көбөйтүүгө жана келечек муун үчүн табиятты коргоого багытталган», — деп жазды Орунбеков.