www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын бийлиги грин-карт ойнотууну караган Diversity Visa (DV1) иммиграциялык программасынын аракетин токтото турууну чечти. Бул президент Трамптын легалдуу эмес миграциялык процессти токтотуу (жөнгө салуу) аракетинин бир бөлүгү.

Мунун кыргызстандык “америкалыктар” ” (АКШда жашап жаткандар) жана потенциалдуу “америкалыктар (ал өлкөгө кетүүнү каалагандар) үчүн кандай кесепеттери болушу мүмкүн жана эмне себептен АКШ виза берүү режимин катаалданткан өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан да кирип калды? 

АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм грин-карт боюнча мындай чечимдин кабыл алынышына Браун университетиндеги ок атууга шектелген Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы АКШга дал ушул DV1 программасы боюнча киргени, андан кийин өлкөнүн туруктуу жашоочусу статусун алганы түрткү бергенин айтты. “Бул адамга өлкөгө киргенге уруксат бербөө керек эле”, - деди ал.  

Министр бул маселени президент Дональд Трамп 2017-жылы эле DV1 программасы боюнча АКШга кирген ИГИЛдин жоочусу жүк ташуучу машина менен Нью-Йоркто терракт жасагандан кийин көтөргөнүн эске салды. 

6-январда болсо, президент Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин кеңейтти. Жаңы кошулган 25 мамлекеттин арасында Борбор Азиядан Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан бар.

Эми мындай мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Мындан тышкары, арыз ээси Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтуруп, төлөмдү АКШнын Финансы министрлигине караштуу Pay.gov расмий платформасы аркылуу жүргүзүшү керек.
Бул чара туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.

Чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.

8-январда биздин Тышкы иштер министрлиги B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар визасы) визаларга арыз берүүдөгү кошумча талап тууралуу комментарий берди.

Анда кыргыз жарандарын финансылык күрөөнүн төлөнүшү АКШга виза берилерине кепил болбой турганы, АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калгандардын күрөөсү кайтарылбай турганы эскертилет. Башкача айтканда, “же иттен, же ит байлаган жиптен жок калгандай”, виза алмак түгүл, аны алуу үчүн төлөгөн акчадан да айрылып калуу тобокелдиги бар экенин айтат.

Дагы бир чектөө - күрөө төлөп виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алышат. Алар - Бостондогу Логан, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди атындагы жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорттору.

Ал ортодо “кылыбыз да кыйшайбайт” деген сыяктуу “балп этмелери” менен белгилүү болгон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда АКШнын жарандары үчүн визасыз режимди карап чыгуу сунушун берди. Э.Байсалов “виза саясаты тең укуктуулук жана өз ара урматтоонун белгиси экенин, “Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуктар болуп жатса өлкө эч нерсе болбогондой түр көрсөтө албайт”, - дейт.

Эске салсак, учурда АКШнын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат. 

Ал ортодо 12-январь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 категориядагы визаларды берүүдө жаңы талаптардын киргизишине тынчсыздануусун билдирип, чектөөлөр эки өлкөнүн ишкерлери ортосундагы байланыштарга жана соода-экономикалык кызматташтыкка тоскоолдук жаратарын айтты.

Элчи Лесли Вигери кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында виза мыйзамдарын сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.

Эми Э.Байсаловдун сунушуна келсек, ал сунуштаган чараны кыргыз бийлиги киргизүүсү күмөн.

Экинчиден, киргизилген күндө да андан АКШнын “кылы кыйшайбайт”. “Сопу таарынса – калтасына зыян” дегендей, АКШ менен мамилени бузуп алсак, өзүбүзгө эле жаман.

Негизи АКШнын администрациясынын биздин жарандарга карата мындай чечим кабыл алынышына өзүбүздүн мыйзам жана эреже бузуу жагынан тапкычтыгы ашынган жарандарыбыз эле күнөөлүү.

Анткени, канчалаган жарандарыбыз АКШга мыйзамсыз кирип алып жашап жатышат. Ар кандай жолдор менен убактылуу кирип алып, легалдашпай жашап жаткан кыргыздар четтен чыгат. Бактыга жараша  Америкада Россиядагыдай же Кыргызстандагыдай болуп полициясы жана миграция боюнча кызматы көчөдөгү жарандарды кармап алып текшеришпейт (эгер тартип, же мыйзам бузбаса эле). Андай текшерүүлөр жүргүзүлсө, он миңдеген жарандарыбыз депортацияланмак. 

Ошентип, “жамандын – кесепети” дегендей, мыйзам бузган жарандарыбыздын айынан, АКШга мыйзамдуу барууга ниеттенген жарандарыбызга кошумча тоскоолдуктар жана тобокелчилик жаралып калды.

 

 

Последние новости