www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Кендирбаева Таласта жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында министр Талас шаарында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алууга келген жарандар билим берүү тармагындагы жергиликтүү маселелер боюнча сунуштарын жана суроолорун беришти. Тагыраагы, мектепке электрондук каттоо, окуучулардын жүрүм-туруму, мектеп имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелери айтылды. 

Министр Догдуркүл Кендирбаева жарандардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынаарын билдирди. Ошондой эле айрым маселелер иш сапардын жүрүшүндө жеринде чечилерин белгиледи.

Последние новости