www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов айрым ЖМК өкүлдөрүнүн орусиялык журналист Владимир Соловьевдун билдирүүлөрүнө байланыштуу расмий реакция болобу деген суроосуна жооп берип, жалпы түшүндүрмө берди.
Ал белгилегендей, Соловьевдун телекөрсөтүүлөрдө айткан ойлорун көп сааттык эфирдин жүрүшүндө айтылган жоопкерсиз жана олуттуу негизге ээ эмес билдирүүлөрдүн бири катары кабыл алууга болот. Анын айтымында, Соловьев журналист жана алып баруучу болгондуктан, ага карата жооптор тиешелүү деңгээлде – журналисттик чөйрөдө же коомдук реакция түрүндө берилип жатат.
Ошондой эле, эгер ушундай билдирүүлөр мамлекеттик кызмат адамдары – министр же депутат тарабынан айтылганда, анда расмий деңгээлдеги жооп чаралары көрүлмөк экендиги айтылды. Депутаттардын бири Соловьевду «persona non grata» деп жарыялоону сунуштаганын да эске салып, бул маселе белгиленген тартипте каралаарын белгиледи.
Басма сөз кызматчысы Россия менен Кыргызстан ортосунда, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосунда эки жана көп тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, ар кандай божомолдор негизсиз экенин кошумчалады.
Ошону менен бирге, Соловьев мамлекеттик телеканалда иштеп, айрым билдирүүлөрү элдер ортосунда түшүнбөстүктөрдү жаратып, курч реакцияга себеп болуп жатканын эске алуу менен, анын жетекчилиги тиешелүү чара көрөрүнө үмүт билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин орусиялык теле алып баруучу өзүнүн автордук «Владимир Соловьёв менен кеч» аттуу программасында согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атаган. Анын сөзү талкуу жараткан.