www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын жогорку даражалуу лидери Али Хаменеи АКШ жана Израил тарабынан мүмкүн болгон кол салуу коркунучу күчөгөндөн улам белгисиз жерге жашырынганын Modern.az араб маалымат булактарына таянып кабарлады. Маалыматка ылайык, Хаменеи өз резиденциясына күтүүсүз сокку келүү коркунучунан улам мындай кадамга барган.
Эске салсак, Иранда интернеттин өчүрүлүшү массалык нааразылыктын жүрүшү тууралуу маалымат алууну кыйындатты. Көз карандысыз адам укугун коргоо уюмдарынын отчетторуна караганда, акыркы эки күндө миңдеген адамдар өлтүрүлгөн жана репрессиялар күчөгөн.
Ошондой эле, АКШнын Ортоңку Чыгышка кошумча аскердик күчтөрдү жөнөтүүсү фонунда Иранга аба соккуларын кез келген учурда жүргүзүү коркунучу бар экени белгиленүүдө.
Бул жагдай өлкөдөгү саясий абалды чыңалтууда жана массалык нааразылыктар менен куралдуу күчтөрдүн кагылышуусу улам күчөп жатканын көрсөтүүдө.