www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 16-декабрында саат 11:00 чамасында Навои көчөсүндөгү 23-үйдүн тургуну, 2008-жылы туулган Хасиятхан Мирзахидовна Абдуллаева үйүнөн паспорту менен чыгып кетип, кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз.
Жоголгон кыздын белгилери: бою 155-160 сантиметр, кара тору, көздөрү жана каштары кара, орточо дене түзүлүштө. Жоголгон күнү ал кара куртка, көк шым жана кара бут кийим кийип жүргөн. Туугандары жана милиция кызматкерлери кыздын кайда экени тууралуу маалыматы барлар болсо, укук коргоо органдарына төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууну суранышат:
102, 0372252831 же 0509401324.