www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев 13-14-апрель күндөрү «Алыш» күрөшү боюнча Азия чемпионатында байгелүү орундарды алган Болотбек Туратов, Бекжан Тойчиев, Мыктыбек Өмүрзак уулу жана Эрболот Кааров менен жолугушту.

Эл өкүлү мамлекет тарабынан спортчуларга акыркы жылдары түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сөз кылып, аларды колдоо үчүн бир катар чечимдер кабыл алынып жатканын билдирип: «Жаңы заманбап спорт комплекстери курулуп, спортчуларды колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын көлөмү да көбөйүүдө», - деди.

Ошондой эле депутат Чынгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин атынан Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Өз кезегинде спортчулар депутаттын жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыктарын айтып, алдыдагы Дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин бийик желбиретүүгө колдон келген аракетин жумшай турганын билдиришти.

Последние новости