www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миссия — таза Ысык-Көл: Жаратылыш министрлигинин инспекторлору көлдү тазалоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө
2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейддик иш-чараны өткөрүштү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда жана көлдүн экосистемасын булгануудан, ошондой эле зыяндуу факторлордон коргоого багытталган.
Рейддин жүрүшүндө көл түбүнөн узундугу 500 метрге жакын эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Мындай торлор суудагы биоресурстарга олуттуу коркунуч келтирет: алар балыктардын жана көлдүн башка жандыктарынын кырылышына алып келет, ошондой эле суунун булганышына шарт түзөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана туристтерди курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоого жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого чакырат.