www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзгөн атайын ири операцияда кармалган эки кыргызстандыктын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин айрым ЖМКлар жазышууда.

Белгилей кетсек, атайын операция 15-16-февраль аралыгында Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустары менен Алматы шаарында жүргүзүлгөн. Натыйжада 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, криминал өкүлдөрү жана эки Кыргызстандын жараны болгону айтылат.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов кесиптешинин телефонун өчүк болуп жатканын айтты.

"Байланышка чыкпай жатат. Фракция лидери Алмазбек Батырбеков бул боюнча кабары жоктугун айтты. Азырынча эч нерсе дей албайм. Ал Казакстанда жүргөн же жүрбөгөнүн билбейт экенмин", — деди Эргешов.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги тактап жатканын билдирди. Эске салсак,Казакстанда 15-16-февраль күндөрү атайын операциянын алкагында 29 адам кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости